Биз менен байланышыңыз

Чет тилин үйрөнүү эс тутумду жакшыртып, Альцгеймерди кечеңдетет

Блог , Коом | 30 Ноя 2021 | 2620 | 0

Дүйнөдө чет тилин үйрөнгөн адамдардын катары жыл санап артып баратат (пандемия мезгилин эске албаганда). Бири ишине байланыштуу, башкасы окуусу үчүн, дагы бири хобби катары үйрөнөт. Тилди кайсы максатта үйрөнбөсүн, анын пайдасынан башка зыяны жок.

Дүйнө тилдери

«Дүйнөдө канча тил бар?» деген суроого так жооп табуу кыйын. Бирок болжолдуу түрдө 7 миңден ашык тил бар, калганы диалект экени айтылып келет. Ал да тилчи адистердин эсептөөлөрүнө байланыштуу.

Учурда дүйнөдө англис, француз, кытай, хинди, испан, араб, орус, португал, немис тилдери кеңири тараган. Дүйнөдө 200дөн ашык мамлекет болсо, 100гө жетпеген тилдин расмий (мамлекеттик) макамы бар. Алсак англис тилине 54, француз тилине 35 жана араб тилине 27 мамлекет расмий макамын берген.

Айрым бир тилдер өркүндөп-өсүп, дүйнөгө жайылып жатса, аз сандагы киши сүйлөшкөн тилдер убакыттын өтүшү менен жоголууда. Адистердин пикири боюнча дүйнөдө эки жумада 1-2 тил жок болот.

Чет тил жана эне тил

Немис жазуучусу, философ Иоганн Вольфганг Гёте: «Чет тилдерди билбеген адам өз эне тили тууралуу да эч нерсе билбейт», — деп бекеринен айтпаса керек. Себеби чет тилди (айрыкча тектеш тилдерди) үйрөнүп жаткан адам өзүнүн эне тилин жакшы тааный баштайт, кандай өзгөчөлүктөрү бар экенине көзү жетет. Алыс барбай эле кыргыз тилинен мисал келтирели. Татаал учур чакта сүйлөм куруу үчүн «жат», «тур», «отур» сыяктуу жардамчы этиштер колдонулат: Мектепке бара жатам. Китеп окуп отурам ж.б. Бирок бул этиштерди күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөндүктөн, ага анча маани бере бербейбиз, элес албайбыз. Бирок ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү башка тилдерден көрсөк, бизге ал нерсе түшүнүксүздөй сезилет.

Дагы бир мисал, орусчадагы «хотеть» жана «мочь» этиштерин туюнткан маанини берүү үчүн «кел» жана «ал» этиштерин колдонобуз: Мен чет өлкөлөргө саякаттагым келет. Асан беш тилде эркин сүйлөй алат ж.б.

Англис тили

Дүйнөдө англис тилин үйрөнгөн адамдардын саны арбын. Бирок бул тилди билгендер Кыргызстанда анчалык көп эмес. EF Education First компаниясы ноябрь айында жарыялаган баяндамага таянып айтсак, Кыргызстан англис тилин билген адамдардын саны боюнча дүйнөдө 101-орунда турат. Алдыңкы үч орунду Нидерланддар, Австрия жана Дания ээлеген. Ал эми Борбор Азия мамлекеттери арасында Өзбекстан 88, Казакстан 96 жана Тажикстан 103-орунду алган. Түркмөнстан бул рейтингге киргизилген эмес.

Белгилей кетсек, бул баяндама 112 өлкө жана аймактан 2 миллиондон ашык киши катышкан тестирлөөнүн негизинде түзүлгөн.

Тил үйрөнүүнүн пайдалары:

— Тил үйрөнүү мээнин иштешин, эс-тутумду жакшыртат;

— Адамдын ой-жүгүртүүсү кеңейет;

— Математикалык жөңдөмдү жакшыртат;

—  Кийинки тилди үйрөнүү жеңилирээк боло баштайт;

— Кары-картаңдардын оорусу саналган Альцгеймерден сактайт, тагыраагы, оорунун келишин орточо 4-5 жылга кечеңдетет;

— Жумушка алууда чет тил билген адамга артыкчылык берилет;

— Саякаттоодо, маалымат издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM