Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу көркөм гимнастика фестивалы өтөт

Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2021 | 533 | 1

Ушул жылдын 9-декабрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында көркөм гимнастика боюнча маданий-спорттук фестиваль өтөт. Бул тууралуу «Маралга» фестивалдын байланыш боюнча менеджери Дилбар Тургунова билдирди.

«Мурас» аталышындагы бул ири иш-чаранын максаты Кыргызстан менен Орусиянын бирдиктүү мамлекеттер экенин спорт, маданият аркылуу көрсөтүү болуп саналат. Фестивалды «Жеңген» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан көркөм гимнастика федерациясы жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өткөрөт.

Фестивалды Орусиянын режиссёру Эльдар Сайфутдинов жетектеп, ага кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова да атайын номер менен катышары күтүлүп жатат. Ошондой эле көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону Айша Изабекова да чакырылган. Булардан тышкары көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпиону Екатерина Селезнева, топтук-эстетикалык гимнастка боюнча Дүйнө чемпиондору спорттук чеберчиликтерин көрсөтөт.

Фестиваль саат 18:00дө башталат. Иш-чарада майыптыгы барлар, карылар жана жетим балдар үйлөрүнө атайын орундар берилет.

Кененирээк маалыматты (0778) 80-11-89; (0555) 50-92-21 номерлери аркылуу билүүгө, ал эми билетке тапшырыкты (0557) 19-23-65 номери аркылуу берүүгө болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Болот

    01.12.2021 10:25

    Азаматтар!!! Абадан туура иш жазап жатасыңар, кийинки жылдары мушташ менен күрөштөн башканы көрбөй калдык эле. Көрсө бизде да көркөм гимнастика бар тура.👍

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM