Биз менен байланышыңыз

ӨКМде бөлүм башчылар отчёт беришти

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 337 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери жасаган иштер боюнча маалыматтар угулуп, акыркы күндөрү күч алган өрт кырсыктары, коронавирус менен күрөшүү маселелери каралды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо күнү аткарылган иштерге баа берилди.

«Куткаруучуларыбыздын аракети жана жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен шайлоо өзгөчө кырдаалсыз өттү», — деди министр Б.Ажикеев.

Муну менен катар министрликке караштуу чарбалык эсептеги ишканалардын башчыларына 2021-жылдын жыйынтыгы менен ар бир түзүлгөн келишимдин аткарылышын жана 2022-жылга иш мерчемдерди бекитүүгө өз убагында киргизүү тапшырмасы коюлду.

Булардан тышкары мурунку отурумдарда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча бөлүм башчылардын отчёту угулду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM