Connect with us

Марат Иманкулов: БШК серверине хакердик чабуул болгон

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 640 | 0

БШКнын сервери хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен биргеликте БШКнын серверин текшеришкен. Эксперттер аларга кол салуу болгонун кабарлаган.

«Хакердик чабуулдар болжол менен 20 өлкөдөн болгон, бирок жакшы коргоонун натыйжасында сервер бузулган жок», — деди ал.

Ал өзүнүн Facebook баракчасына бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого жол бербей турганын жазды.

«Партия лидерлери, сураныч, биз ар бир бюллетенди текшерүүгө даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштарды кол менен санагандан кийин чыгарылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берген. Анын айтымында, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн.

Күтүүсүз кырдаал айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратып, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, БШКнын добуштарды бурмалаганы аныкталса, анда бардык кызматкерлери жоопко тартыларын белгиледи.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM