Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Добуш берүү күнү 126 мыйзам бузуу катталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 402 | 0

Добуш берүү күнү  126 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Саат 8:00дөн 24:00гө чейин 126 мыйзам бузуу катталган. Алардын экөө Чүй облусунда шайлоочуларды сатып алуу фактылары (тергөө жүрүп жатат), бирөө Баткен облусунда административдик ресурс колдонуу, төртөө майда бейбаштык, анын ичинен экөө Чүй облусунда, бирөө Бишкек шаарында жана бирөө Ош шаарында», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүү боюнча 36, добуштарды сатып алуу боюнча 38, элди топтоп ташуу боюнча 19, жалган маалымат таратуу боюнча 1, административдик ресурс колдонуу боюнча 2, электр энергиясын өчүрүү  боюнча 1, эмгек акыны кармап калуу боюнча 1 билдирүү келип түшкөн.

Министрлик учурда бул фактылар жеринде териштирилип жатканын, жыйынтыгы мыйзамга ылайык чыгарыларын кабарлады.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүн да күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM