Биз менен байланышыңыз

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 489 | 0

Бишкекте «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдирди.

Алардын айтымында, аны акыркы жолу кечээ (добуш берүү күнү) саат 15:00 чамасында көрүшкөн.

«Кечээ ал Пишпек районундагы шайлоо участогуна барган. Ошондон кийин көздөн кайым болду. Телефону өчүк, акыркы жолу месенжерлерге саат 14:00 чамасында кирген. Анын кайда экенин туугандары да билишпейт. Биз азырынча мамлекеттик органдарды күнөөлөбөйбүз, балким уурдап кетишти же башка жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Бизде азырынча так божомолдор жок. Кечке чейин келбесе, милицияга арыз жазабыз», — деп билдиришти партиянын штабынан.

Кечээ, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага талапкер көрсөткөн 21 партиянын ичинде «Ордо» партиясы да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM