Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Япония чек арасын кайрадан жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 740 | 0

Япониянын премьер-министри Фумио Кишида 30-ноябрдан тарта чет элдик ишкерлердин, студенттердин жана адистердин өлкөгө кирүүсүнө каралган жеңилдиктер жокко чыгарыла турганын кабарлады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Бул чара коронавирустун «омикрон» штаммынын жайыла баштаганынан улам кабыл алынып, жаңы штамм тууралуу бардык маалыматты билүүгө мүмкүн болгон учурга чейин өзгөчө кырдаал катары киргизилет.

8-ноябрдан тарта жапон бизнесмендеринин, студенттеринин жана тастыкталган вакциналары бар адистердин саякатка чыгуусуна чектөө киргизилди. Эгерде алар толук эмдөөдөн өтүп, эрежелерди сактай турган болсо, анда 10 же 14 күн эмес, 3 күн карантинде болуусуна, андан кийин керектүү жерлерге баруусуна жана коомдук транспортто жүрүүсүнө уруксат берилген.

Ошондой эле Жапон өкмөтү «альфа» штаммынын жайылып кеткенине байланыштуу ушул жылдын 28-декабрынан тарта жаңы виза берүүнү да токтотот. Бул чектөө бир жылга чейин киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM