Биз менен байланышыңыз

Бүгүн тоолуу райондордо көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 282 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү айрым аймактарда кар жаады. Буга байланыштуу «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, «Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр» унаа жолунун 219-237-чакырымдарында жана «Каракол — Эңилчек» унаа жолунун 74-85-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жолдо бараткан унаалардын ортосунда 500 метр аралык  сакталышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM