Биз менен байланышыңыз

Мавлян Аскарбеков: Сатып алуулар болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 992 | 0

Ачыгын эле айтайын, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштуруу иштери — начар. Бардык талапкерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Административдик ресурс болбогону менен сатып алуулар болуп жатат. Мындай пикирин бир мандаттуу Биринчи май округунан талапкер Мавлян Аскарбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Акчаң болсо, 500-1000 агитатор аласың, айлыгы бери жагы дегенде эле 15 000-20 000 сомдон. Бул жок дегенде эле 10-20 миллион сом. Мен бир айдан бери көрүп, жер-жерлерди кыдырып жүрдүм. Мына бүгүн да ачык эле айтайын, Биринчи май округунда кээ бир талапкерлер ачык эле элди сатып алып, катталбаган үгүтчүлөр менен иштеп жатат. Ошол эле 5 талапкер Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Нуржан Шайлдабековага кайрылганбыз», — деди Аскарбеков.

Ал булардан тышкары саясий коррупцияга аралашкан адамдар өздөрүнө көз каранды квартал башчыларын, беш-он жылдап «багып» келе жаткан бир ууч командасына таянып, акча таратуу жолу менен бара жатканын айтты. Ошол эле учурда бул фактылар боюнча УШК да, АШК да, БШК да кыйратып иш жүргүзбөгөнүн белгилеп, мунун арты чырга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM