Биз менен байланышыңыз

Эксперт: «Форма-2ни» киргизүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 799 | 0

«Форма-2» эл аралык практикада  жакшы ой менен киргизилет. Бирок аны элдин аң-сезими, саясатта жүргөн адамдардын деңгээли деп койсок да болот. Юридикалык жактан каралган бул жакшы норма «ички миграцияда жүргөн жарандардын укугу тебеленбесин» деген ой менен киргизилген. «Форма-2ни» кайра алып келүү керек. Бул тууралуу эксперт Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эксперт катары айта кетсем, бизде ушундай окуялар катталган. Шайлоо боло турган учурга чейин кээ бир жарандар 25-35 жолу өздөрүнүн юридикалык дарегин өзгөрткөн. Биз ошол кылмыш ишин сотко берген эмеспиз. Себеби, норма каралган эмес. 35 жолу 3 айдын ичинде ким өзүнүн юридикалык дарегин өзгөртөт? Себеби, партиялар акча төлөп берген сайын алар БШКга барып өзгөртө беришкен. А бирок биздин  жарандар ошол даректи канчалык көп өзгөрткөн сайын ал маалымат БШКнын расмий сайтына түшүп каларын билишкен эмес. Бул нерсенин бир гана далили бар, ал адамдар акча үчүн өзгөртө беришкен. Биз  бул норманы алып койдук, бирок кайра алып келүү керек.

Кайтарып келе электе ошол норманы бузган адам кандай жоопкерчиликке тартылышы керектигин аныктап туруп, анан БШКга лимит коюу керек. Маселен, «шайлоого чейинки 90 күн ичинде 3 жолудан ашык катталууга болбойт» деген сыяктуу. Ошентип иштетсек болот, бирок азыр даярданганга мумкүнчүлүк жок болуп калды», — дейт эксперт.

Эске салсак, мыйзам бузуулар көп катталып, жарандар добуштарын саткандыгына байланыштуу «Форма-2» алып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM