Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Чүй облусу мыйзам бузуу боюнча алдыда

Кыска кабар , Саясат | 28 Ноя 2021 | 851 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн брифингде эртең мененки саат 8:00дөн түшкү саат 14:00гө чейин Ыкчам чара көрүү кординациялык тобуна жалпы 17 мыйзам бузуу келип түшкөнүн, эң көп мыйзам бузуу Чүй облусунда катталганын билдирди.

Аймактар боюнча, Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 9 мыйзам бузуу катталган.

Ошондой эле үгүт эрежелерин бузуу боюнча 5, автоматташтырылган эсептөө урналарынын иштөөсүндө пайда болгон көйгөйлөр боюнча 5 кайрылуу келип түшкөн.

Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылган. Кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктайт.

Быйыл парламентке 90 депутат аралаш система менен шайланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM