Connect with us

Юрист: Элдин аң-сезими өскөндө гана мыйзам бузуулар токтойт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 983 | 0

Бизде бүгүнкү күндө добуш сатып алган адамды жоопкерчиликке тартып жатабыз, а бирок добушун саткан адамды жоопко тарта турган мыйзам, толугу менен иштелип чыккан атайын механизм каралган эмес. Ошондуктан добушун сатып, акча алган жаранга карата да ченемдер киргизилиши керек. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» маек берип жатып айтты.

«Экинчиден, элдин аң-сезими. Биз өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бирок ошого карабастан добуш сатуу дүкөнгө барып келгендей эле оңой болуп калды. Ошон үчүн канча мыйзам жазылбасын, канчалык бийлик аракет кылбасын, бул нерсе кайталана берет.

Үчүнчүсү, «Форма-2ни» киргизүү керек. Мисалга, бир тууган сиңдимдин каттоосу Ошто экен, эки күн мурун Ош облусуна добуш берүүгө кетти. Анткени, ал — жоопкерчиликтүү жаран. А бирок бүгүнкү күндө бизде көптөгөн жарандардын каттоосу аймактарда, бирок барганга балким шарттары жок. Биз кайдан билебиз? 2020-жылдын октябрында 500 миң адам «Форма-2» менен добуш берген. Добуштарын сатканы үчүн аны жокко чыгардык. Ошонун  айынан добуш бергендердин саны азайып кетти. Бүгүнкү күндө да ушундай жыйынтык күтүлүшү мүмкүн. Шайлоо округуна 40%дан ашык эл келбей калышы мүмкүн.

Добушун сатуу боюнча статистика көп, анын көбү дагы деле ачыкка чыкпай жатат. Бул эми элдин аң-сезими. Качан элдин аң-сезиминде жоопкерчилик пайда болсо, ошондо бул механизм жоголушу мүмкүн», — дейт юрист.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин дагы эле мыйзам бузуулар катталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM