Connect with us

БШК: Шайлоо тилкелеринин 85%ында пандус коюлган

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 279 | 0

Кыргызстанда 2 миң 80 шайлоо тилкесинде пандус коюлган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул УШКлардын жалпы санынын 85 пайызын түзөт. БШК былтыркыга салыштырмалуу пандус коюлган имараттардын саны 1 миң 54кө көбөйгөнүн кошумчалады.

«Бардык УШКлар атайын жардам берүү каражаттары менен жабдылган – чоңойтуп көрүүчү айнектер, добуш берүү үчүн трафареттер, Брайл шрифтиндеги нускамалар», — деп белгилешти алар.

Өлкөдө 15 миң 853 майып шайлоочу бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM