Биз менен байланышыңыз

Жумагулов: Биздеги шайлоо системасы коңшу өлкөлөрдөн алдыда

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 684 | 0

Эл аралык байкоочулар бизге келип байкоо салганы, алардын берген баасы өтө маанилүү. Анткени биздин шайлоо деңгээлибиз алардыкынан өйдө турат. Бул тууралуу эксперт Бактыбек Жумагулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бул — маанилүү процесс, себеби эл аралык байкоочулар биздин системага кызыга беришет. Коңшу өлкөлөр да: «Бул системаны кантип киргиздиңер?» — деп көп сурашат. Бул системаны киргизүүгө да саясий эрк керек, коңшу өлкөлөрдө бул нерсе байкалган жок, алар баягы эле эски система менен иштеп жатышат. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы, алар келип, өздөрүнүн баасын берип кетишет. Бул кийинки шайлоолорго да жакшы өбөлгө түзүп берет жана дүйнөлүк аренада дагы жакшы», — деди өз сөзүндө эксперт.

Эске салсак, бүгүн 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM