Биз менен байланышыңыз

Буудай нандын бир килограммы 54 сомдон ашты

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 445 | 0

Кыргызстанда ноябрга карата I сорттогу буудай унунан жасалган нандын баасы килограммына 54,82 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда нандын бул түрүнүн орточо баасы октябрь айында 51,67 сомду түзгөн. Ошентип бир айга жетпеген убакытта баа 6,09%га жогорулады.

Республикада нандын орточо наркынын өсүшүнө эң чоң таасирин Оштогу баалар көрсөттү, аларда өсүш 18,77%ды түзүп, 59,02 сомго, Исфанага (+11,34%га 66,67 сомго), Ноокатка (9,69%га 70,93 сомго) жетти.

Ошол эле учурда Нарын менен Таласта нан арзандаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM