Биз менен байланышыңыз

Шайлоо алдындагы «жымжырт күн» башталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 391 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда таңкы саат 8:00дөн тарта шайлоо алдындагы «жымжырт күн» башталды.

Мыйзамга ылайык, бул күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө, интернет баракчаларына үгүт материалдарды жайгаштырууга тыюу салынат. Эгер кандайдыр бир үгүттөө иштери байкала турган болсо, талапкер шайлоодон четтетилет.

Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматка таянып айтсак, партиялык тизме менен келе турган 54 мандатка 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан шайлана турган 36 орунга 287 талапкер ат салышып жатат.

Добуш берүү эртең саат 8:00дө башталып, кечки 20:00дө аяктайт. Өлкө аймагында жана чет жерлерге 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM