Биз менен байланышыңыз

Окуучулар арасында укуктук олимпиада өткөрүлөт

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 530 | 0

2-декабрдан 5-декабрга чейин 9-11-класстын окуучулары арасында онлайн укуктук олимпиада өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын негизги максаты жаштардын укуктук маданиятын, укуктук сабатын жогорулатуу, «Адам жана коом» сабагын окууга түрткү берүү болуп саналат. Олимпиада Юридикалык клиникалар ассоциациясынын «Укуктук аймак» долбоорунун алкагында министрликтин жардамы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Олимпиадага 9-11-класстарда окуган ар бир окуучу катышып, 4 күндүн ичинде юриспруденция боюнча билимин текшере алат.

Сынак үч этап менен өткөрүлөт:

  1. 15 суроодон турган тесттен өтүү;
  2. 10 укуктук маселени чечүү;
  3. укуктук маселе боюнча калыстар тобу менен аңгемелешүү.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, атайын тастыктамалар ыйгарылат.

Олимпиадага катышууну каалаган 9-11-класстын окуучулары 30-ноябрга чейин forms.gle сайтына катталууга тийиш. Ошондой эле алдын ала даярданууну каалагандар үчүн alc.kg сайтында укуктук маалыматтар берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM