Биз менен байланышыңыз

Түндүк муз океан эрий баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 1557 | 0

Түндүк муз океанды жылуулук каптап, эрий баштады. Бул тууралуу Кембриж университетинин окумуштуулары изилдеп чыкканын Science Advances журналы жарыялады.

Окумуштуулар 800 жылдык хронологияга саресеп салышканда океандын температурасы жана туздуулугу бир калыпта кармалып келип, бирок  XX кылымдын башынан тарта кандайдыр өзгөрүүлөргө учурай баштаганы байкалган.

Адистердин айтымында, аба ырайынын 2°Cга жакын жогорулашынан улам океан жылып, туздун курамы калыбын жоготкон.

Жарыяланган макалада Түндүк муз океанынын суулары башкаларга салыштырмалуу тез жылып жатканы айтылат. Океандын суусу жылыган сайын полярдык чөлкөмдө муз эрип, бул өз кезегинде «түбөлүк тоңдун» акырындык менен жок болуусуна алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM