Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы «Берекелүү жума»: Эң көп үй-тиричилик буюмдары сатылат

Блог , Коом | 26 Ноя 2021 | 721 | 0

Бул жумада Кыргызстандын бардык соода борборлорунда товарларды арзандатылган баада сатуу жумалыгы өтүп жатат.

«Берекелүү жума» аталышындагы бул өнөктүк Кыргызстанда 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бишкектеги ири соода борборлордун бирине байланышып, өнөктүк тууралуу сураганыбызда, алар жыл сайын бул жумалыкта 35 миңден ашуун кардар келерин, сатуулар демейки күндөн болжолдуу түрдө 2,5 эсе көп болорун айтышты.

Бул жапырт арзандатуу өнөктүгүндө Кыргызстанда эң көп электрондук жана турмуш-тиричилик техникалары сатылат. Себеби жөн-жай күндөрдөгү сатык баасы кыйла кымбат болгондуктан, кардарлардын басымдуу көпчүлүгү ушул жумалыкты күтүшөт. Айрым соода жайлары 60% арзандатуу менен саткан учурлары да кездешет. Ал акчаны үнөмдөп калууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Андан кийинки орунда кийим-кечек турат. Айрыкча, кышкы кийимдер бир аз кымбатыраак болгондуктан, жумалык учурунда 20 пайыздан 70 пайызга чейин арзан тапсаңыз болот.

Ал эми жыл сайын ноябрь айынын акыркы жумасынын жума күнүндө болчу мындай арзандатуулар күнүн Батышта «Black Friday» десе, Кыргызстанда да анын түз котормосун «Кара Жума» деп которгондор сынга кабылып келет. Айрым адистер өлкөдө 80% калк мусулман экенин эске алып, муну «Берекелүү жума» деп колдонууну сунушташат.

Легендарлуу арзандатуу өнөктүгү 1966-жылы Америка Кошмо Штаттарында башталып, салтка айланган. «Берекелүү жумалык» (Black Friday) АКШнын «Ыраазычылык билдирүү» күнүнөн кийинки жумада өтөт. Бул жолку календарда арзандатуу өнөктүгү 23-ноябрдан 29-ноябрга чейин белгиленген.

Black Friday АКШда расмий майрам эмес. Бирок бул күндөрү кардарлардын келүүсү кыйла көбөйүп, дүкөндөр эрте ачылат. Биринчи сатып алуучуларга 50%дан 80%га чейинки арзандатуулар каралган. Өнөктүк көбүрөөк кардар тартуу максатын көздөйт. АКШнын соода федерациясы сатуулар боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыялап турат. Акыркы жылдарда кардарлар 200 миллиондон ашкан.

Орусияда Black Friday сатуулары биринчи жолу 2013-жылы 6-декабрда башталган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Орусияда бир жума кечирээк өткөрүлгөн. 2018-жылы Орусияда өнөктүк онлайн түрүндө да өтүп, 15 млрд рубль пайда түшкөн. Ошондой эле 2019-жылы онлайн сатуунун көлөмү 22 млрд рублга жеткен.

2014-жылдан тартып, Black Friday акциясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да жайылган.

Black Friday жумалыгында соодагер бардык товарын сатып түгөтө алат. Ошондой эле бул күнү 90%га чейинки арзандатуулар болгонуна байланыштуу адамдарга жылына бир жолу болсо да, көптөн бери кыялданган нерсесин сатып алууга шарт түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM