Биз менен байланышыңыз

«Кариес — тиштеги инфекция. Ал курсактагы түйүлдүккө зыян»

Эркектердин балалуу болуудан мурун андролог,  урологго көрүнүп, изилдөөдөн өткөнү жакшы болот. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Айтекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анткени жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан улам да майып балдар төрөлүүсү мүмкүн. Иммунитет жогору учурда бул инфекциялар симптомсуз болуп, адам инфекцияны алып жүрүүчү болот. Кош бойлуу келиндин иммунитети төмөндөйт, тондун жанындагы иммундук система начарласа, вирустар тондон өтүп кетип, түйүлдүккө зыянын тийгизиши мүмкүн.

Андан тышкары адамдын организмде инфекциялар абдан толтура. Мисалы, келиндердин тиш оорулары бар болсо, аны тазалатып даярданышы керек болот. Анткени кош бойлуу учурда балага кальций керек болсо, сөөктөрдөн, тиштерден жуулуп чыгат. Алар дагы ого бетер талкаланышы мүмкүн. Кариес тиштерде дайыма инфекция болот. Ал инфекция болочок эненин бөйрөгүнө да, түйүлдүккө да таасир этиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM