Акыркы учурларда тубаса майып төрөлгөн балдардын саны жогорулап келе жатат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Айтекова «Маралдын» эфиринде билдирди.
Маалыматка караганда, андай балдардын төрөлүшү 2015-жылга салыштырмалуу азыр 2%га жогорулады. Балдардын төрөлгөндөн кийин 1 жашка жетпей чарчап калган учурлары да көп кездешет. Асель Айтекованын айтымында, майып баланын төрөлүшүнө көп фактор таасир этет. Мисалы, жакын туугандар үйлөнүп алса, майып бала төрөлүү коркунучу бар. Андай үй-бүлөлөр сөзсүз генетиктин кеңешин алышы керек болот. Генетик баланын майып болуп төрөлүү коркунучу канча пайыз экенин эсептеп берет.
Баланын майып төрөлүшүнүн дагы бир башка фактору: жаш үй-бүлөлөрдүн пландабай, дарыланбай туруп балалуу болушу. Ар бир жаш үй-бүлө, эркек болобу, аял болобу, 6 ай мурун даярданышы керек. Анткени кандайдыр бир өнөкөт же курч оорулары болушу мүмкүн, кээде симптому жок жүргөн оорулар болот, кээ бир жыныстык жол менен жуккан вирустук инфекциялар болот. Ошол инфекцияларды дарылап, организмди даярдоо керек. Анткени кош бойлуу кезде эненин органдарына −жүрөк-кан тамыр системасына, бөйрөк системасына, бооруна, нерв системасына 2 эсе күч келет. Дени сак бала төрөгөнгө алдын ала кам көрүү керек. Азыр Кыргызстанда аз кандуулук кеңири тарап жатат. Бул бир күн, бир жумада дарылана турган оору эмес, ошондуктан эртерээк дарыланып, анан пландаганга жоопкерчиликтүү кадам таштоо керек.
«Түйүлдүк жаңы түйүлүп жатканда фолий кычкылы жетпейт, аны биз тыштан алып турушубуз керек. Ошон үчүн болочок ата да, эне да 2-3 ай мурун фолий кычкылын ичип башташы керек. Бул микроэлемент абдан эле аз өлчөмдө керек, бирок түйүлдүккө өзгөчө керек микроэлемент болуп эсептелинет», — дейт адис.
Андан тышкары балалуу болгусу келгендер йодду да алдын ала ичиши керек. Анткени бизде йод жетишсиздиги көп кездешет. Балдар йоддун жетишсиздигинен абдан жабыркашы мүмкүн. Ошонун кесепетинен дагы тубаса оорулар менен төрөлүшү мүмкүн. Ошон үчүн күнүмдүк иче турган микроэлемент фолий кычкылы менен йод болуп эсептелинет. Муну жубайлардын экөө тең ичиши керек.
Баланын майып төрөлүүсүнө таасир эткен факторлордун дагы бири — экология. Ал деле биздин организмге терс таасирин тийгизет. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө, радиация жогору. Изилдөөлөрдүн негизинде радиациясы жогору жактарда тубаса майып балдардын көп төрөлүүсү байкалат.
«Андан сырткары май куюучу бекеттерде биздин жаш балдар-кыздар иштеп жатканын көрө алабыз. Алардын акча тапканга аракеттенип жатканы түшүнүктүү, бирок бензин, нефть аба аркылуу, тери аркылуу организмге сиңип, гендик мутацияларга дагы алып келиши мүмкүн. Ошону унутпоо керек», — деди Айтекова.
Майып балдардын төрөлүшүнүн дагы бир себеби жубайлардын 40 жаштан өткөндөн кийин балалуу болуп жатканы. Бул учурда ымыркайдын Даун оорусу менен төрөлүү коркунучу жогорулайт. Ошон үчүн жашы өткөндөр бала пландап жатканда генетиктин кеңешин сөзсүз алышы керек.
«Жубайлар тубаса оорулуу бала төрөлүү тобокелчилиги тууралуу билишсе, балким ойлонуп, бойдон алдырышат. Анткени андай бала төрөлгөн үй-бүлөдө көп учурда атасы качып кетет. Түйшүк энесине түшөт, андан сырткары андай бала коомго, мамлекетке да көп түйшүк жаратат», — дейт ал.
Адис мындай маселе жаралбашы үчүн жаштарды балалуу болуунун алдында терең ойлонуп, пландаштырып, дарыгерден кеп-кеңеш алууга чакырды.