Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга талап дээрлик 35%га өстү

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 269 | 0

Ушул жылдын он айында май куюучу станциялар 1 миллион 205,7 миң литр күйүүчү-майлоочу май сатышкан. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,83%га же 244,7 миң литрге көп. Мындай маалыматты Мамлекеттик Салык кызматы билдирди.

Салык органдарында сатылып жаткан мотор майынын көлөмүнүн көбөйүшү май куюучу жайларда автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүүгө, ошондой эле нефтетрейдерлерге электрондук коштомо кагаз берүүнү талап кылууга байланыштуу.

«Күйүүчү-майлоочу майды сатуунун көлөмүнө май куюучу жайларда автоматташтырылган башкаруу тутумун жана электрондук коштомо кагазды киргизүү оң таасирин тийгизди», — деп билдирди Салык кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, 25-ноябрга карата республиканын бардык иштеп жаткан май куюучу жайларында автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM