Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди текшерген мыйзам талкууланды

Экономика | 25 Ноя 2021 | 895 | 0

Президенттин ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча жарлыгынын негизинде Экономика жана коммерция министрлиги «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамды кайрадан иштеп чыкты.

Айтылган мыйзам мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын катышуусунда талкууланып, бизнести кантип текшерүү керектиги тууралуу маселелер каралды.

Экономика жана коммерция министрлигинин лицензиялык уруксат берүү ишин жана жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн башчысы Искендер Нурбеков мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.

«Бул мыйзам долбооруна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилет:

— мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан биргелешкен тартипте пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү;

— мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын ишине баа берүү;

— мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан калкка жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө бөгөт койгон атайын иш-чаралардын механизмин киргизүү.

Текшерүү органдарын бүгүнкү тегерек столго атайын чакырдык. Аларга эл аралык тажрыйбасы бар адистер тарабынан кеңеш берилди. Алардын иши бир гана салык салуу эмес, ишкерлерге жардам берүү экенин түшүндүрдүк».

Аталган министрликтин башкы адиси Кубат Шатманов бизнести кантип текшерүү керектигин айтып, өтүп жаткан иш-чаранын максатын түшүндүрдү.

«Башка мамлекеттерде бизнести текшерүү кандай жүрөт? Алардын бул багытта кандай тажрыйбасы бар? Иш-чара эл аралык көзөмөлдөөчү органдардын тажрыйбасын Кыргызстандын текшерүүчү органдарына жеткирүү максатын көздөйт. Буга чейин бизнес өкүлчүгүн чакырып, аларга да бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара атайын көзөмөлдөөчү органдар үчүн уюштурулган. Мыйзамга ылайык, ишканалар жылына бир жолу текшерүүдөн өтүшү керек. Тиешелүү органдар бизнести үч критерийге бөлүп текшерет.  Эгерде кооптуу ишкана болсо, жылына бир жолу текшерилет. Ал эми коопсуз болсо, үч жылда же беш жылда бир жолу текшерүүдөн өтөт».

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбай Жукушевдин айтымында, ишкерлердин көпчүлүгү өзүнүн бизнесине тиешелүү мыйзамдарды билишпейт. Ошондой эле ал текшерүү процессинин жүрүшү жөнүндө айтып берди.

«Кыргызстандын ишкерлеринин жарымы текшерүүнү туура кабыл алса, жарымы туура эмес кабыл алат. Биздин жумуш барып эле жөнү жок айып пул салуу же ишин токтотуп салуу эмес. Ар бир ишкерге жардам көрсөтүлөт. Көпчүлүк ишкерлерге текшерүү менен барып калсак, коркуу, чочулоо менен кабыл алышат. Мыйзам боюнча текшерүүгө барардын алдында ишкерге 10 күн мурун кат жөнөтүлөт. Анда текшерүү үчүн кайсы саатта, кайсы күнү барышыбыз тууралуу маалымат берилет. Даярданууга убакыт берилет. Биздин ишкерлер мыйзамды окубайт. «Келсе, сүйлөшүп бүтүрөм да» деген ой менен кабыл алышат».

Тегерек столдун жүрүшүндө чет өлкөдөн келген консультанттар тарабынан ишканаларды текшерүү боюнча эл аралык тажрыйбалар бөлүшүлдү. Ошондой эле Литвадан келген эл аралык консультант Гиедриус Кадзиаускас бул боюнча өз таанытымын сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM