Биз менен байланышыңыз

Казакстандын диссидент акыны Арон Атабек каза болду

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 452 | 0

Казакстандык диссидент акын Арон Атабек 68 жашында Алматыдагы ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматына эжеси Разия Нутушева билдирген.

Акын кечээ, 24-ноябрда кечки саат сегиздер чамасында шаардагы ооруканалардын биринде көз жумган. Арон Атабек 2021-жылдын 1-октябрында Шаңырак окуясы учурунда калайман башаламандык уюштурган деген айып менен камалган. Ал Казакстандын абагында 18 жылга эркинен ажыратылып, жазасынын 15 жылын өтөгөндөн кийин бошотулган. Атабектин айыккыс оорусуна байланыштуу калган мөөнөтү эркиндигин чектөө менен алмаштырылган.

Шанырак кичирайонундагы башаламандык 2006-жылдын 14-июлунда болгон. Алматы полициясы атайын ыкчам топтун колдоосу менен Алматынын Шаңырак айылындагы мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузуп киргенде, тургундар коргонууга аракет кылышкан. Жергиликтүү эл менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуу кайгылуу окуя менен аяктаган. Бир милиционер Асет Бейсенов тирүүлөй өрттөлгөн.

Тополоңду уюштурган деп төрт адам соттолгон, алардын арасында Арон Атабек да бар. «Шаңырактын» дагы 20 тургуну сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, бирок алар шарттуу түрдө кесилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM