Милициянын подполковниги Тилек Оторов Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу Оторов «Маралга» тастыктады. Тийиштүү буйрукка Ички иштер министри Улан Ниязбеков 23-ноябрда кол койгон.
Тилек Оторов буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы болуп иштеген.