Биз менен байланышыңыз

Карапайым адистердин жашоосун чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 371 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Кыргызстан элинин тынчсыздануусу жана үмүт» аттуу эгемендиктин 30 жылдыгына карата  фотосүрөт көргөзмөсү өттү.

Иш-чара MediaJasa долбоорунун алкагында Idea жана «Сорос-Кыргызстан» фондорунун колдоосу, «ПолитКлиника» медиасынын көмөгү менен ишке ашырылды.

Сүрөт көргөзмөдө кыйынчылыктарга карабай, өз ишин сүйүп аткарган 10 элеттик адамдын бир күндүк жашоосу чагылдырылган. Дааналап айтсак, каралбай калган шахтаны жандантып турган шахтёр, күн сайын 10 чакырым жерге жөө барып, жөө келип иштеген фельдшер, 5 чакырым алыстагы мектепке жөө барып сабак берген мугалим, адам өлүмүнүн себебин аныктаган соттук-медициналык эксперт, чек ара кайтарган аскер, эчак эскилиги жетип, жабдуулары жарактан чыкса да, эптеп жүргүзүп, иштетип турган завод инженери сүрөт аркылуу «сүйлөп» беришкен. Айта кетсек, бул адамдар өлкөнүн ар кайсы аймактарында эмгектенишет.

Бул көргөзмөнүн негизги максаты Кыргызстан эгемендик алгандан бери медицина, билим берүү, искусство жана экономика тармагына кандай көңүл бурулганын карапайым адамдардын жашоосу аркылуу чагылдырып берүү болгонун сүрөттөрдүн автору Гулиза Урустамбек кызы айтып берди.

Көргөзмөгө 40 сүрөт коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM