Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан быйыл Кытайга 601 млн долларлык газ экспорттоду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 672 | 0

Өзбекстан быйылкы жылдын он айында Кытайга 2,57 миллион тонна жаратылыш газын экспорттоду. Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажыканасы маалымат берди.

Бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кытайга Евразия чөлкөмүнөн негизги газ жеткирип берүүчү өлкө Түркмөнстан болуп саналат. Кытай аталган өлкөдөн быйыл 5,38 млрд долларга жаратылыш газын сатып алган. Газ жеткирүү боюнча экинчи орунда Орусия, андан кийин Казактан (865 млн доллар) турат. Тизмеде Өзбекстан төртүнчү орунду ээлеп, быйыл 601 млн долларга жаратылыш газын экспорттогон.

Кытай быйыл жаратылыш газын эң көп Австралиядан алып, 11,43 млрд долларга жетти. Андан сырткары АКШ, Малайзия жана Катар өлкөлөрүнөн да жаратылыш газын импорттогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM