Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Кумтөрдү» сүйлөшүү жолу менен чечсек болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2021 | 2076 | 0

«Кумтөрдү» башынан эле сүйлөшүү жолу менен чечсек болмок. Мындай пикирин Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «Центерра» «Кумтөрдөн» баш тарткан жок, болгону  бүгүнкү күндө долбоорго көзөмөл кыла албай калганын айтып жатат.

«Биз ушул терминге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. «Центерра» компаниясы акционерлерине «башкарууга ээлик кыла албай калганы» туурасында маалымат берди. Анан тактоо иретинде: «Биз бул долбоордон толук кетип калдык деп айтпайбыз. «Кумтөр голд компани» биздин «Центерранын» эле курамында. Биз дагы эле сот процесстерин жүргүзгөнгө даярбыз, улантабыз», — деп айтышты. Бул — кандай болгон күндө да ачуу чындык. Себеби биз башында да айтып келгенбиз, Бул соттошуу процесси көпкө созулуп кетиши мүмкүн»,  — деди ал.

Дүйшөнбек Камчыбеков соттошуу процесси бир нече жылдарды алып коюшу мүмкүн деген ойдо. Ошондой эле «Центерра» «Кумтөрдөгү» акционерлерди Кыргыз өкмөтүнө каршы тукуруп, алар да Кыргызстанга каршы сот процессин баштабайбы?» деген күмөндүү ойлор болуп жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM