Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 186 | 0

Кыргызстанда 21-ноябрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 3, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 73 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 474 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 883 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 723 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM