Биз менен байланышыңыз

«Жаран кредит алууга келгенде киреше, чыгашасын жашырбай айтышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2021 | 1226 | 0

Кредит алууну каалаган жаран биринчи өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүн карашы керек. Бул тууралуу РСК банкынын Юридика департаментинин башчысы Акылбек Жусупов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, банкка келген жаран айына канча киреше табарын, анын канчасы тамак-ашына, канчасы балдарына, аш-тойго кетерин ачык айтышы керек. Ошондо гана банктын кызматкери анын алына жараша насыя берип, аны төлөгөнгө ыңгайлуу убакытты бөлүп берет.

«Кардардын банкка төлөгөн акчасы анын айына тапкан кирешесинин 50%ынан ашпашы керек. Бул банктын өзүнө да туура келет, андан кийин банктарды көзөмөлдөөчү орган Улуттук банктын талаптарына да туура келет. Улуттук банк кардарларга финансылык жактан кыйын жагдай жаратпоону талап кылат. Биз да ага кызыкдарбыз. Андыктан кардардын насыяны төлөй алуу жөндөмдүүлүгүн биринчи кезекте карап чыгабыз», — дейт ал.

Акылбек Жусупов Кыргызстандын банктарында кредиттик пайыз жогору деген сөздөргө жооп берди.

«Бул биз ойлоп тапкан эмес, рынок өзү тууралаган пайыздык чектер. Ал акчаны убагында банк элден депозитке жогору пайыз менен алган үчүн кайра андан жогору пайыз менен берет», -деп билдирди Жусупов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM