Биз менен байланышыңыз

Самат Ибраев: Финтех мыйзамын жазышкан эксперттердин атын атай албайм

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2021 | 1289 | 0

«Финтехти өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечиси Самат Ибраев «Маралдын» эфиринде мыйзамды кайсы эксперттер менен кеңешип жазганын айтуудан баш тартты.

Ал мыйзам долбоорунун үстүндө бир жылга жакын убакыт иштегенин билдирди. Долбоорду Улуттук банктын суроосу боюнча жазганын баса белгилеп, жөн гана сындай бербей, конкреттүү сунуштарды берүүнү эскертти.

«Мындай финтехтер Лондондо, Нью-Йоркто банк секторуна эч кандай коркунуч жок эле сопсонун иштеп жатат. Азыр финансы борборлору абдан динамикалуу өнүгүп жаткан учур. Сиздер ойлонуп, бул жерде үтүрү-тамгасы туура эмес болуп калыптыр дегиче, жылдар өтүп кетет. Бул долбоорду биз майда киргизгенбиз. Ошондон бери ызы-чуу болуп атып, декабрга келип калдык. Сындабастан, конкреттүү сунуштарды бергиле. Долбоорду жазууга дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, биздин  ички банк секторунда эң алдыңкы эксперттер катышкан», — деген Ибраев, алып баруучунун ал эксперттердин фамилияларын атай кетүү сунушуна: «Мен азыр алардын фамилияларын атай албайм», — деп жооп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM