Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевди талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ Жолдошбаевдин ишенимдүү адамы шайлоочуларга акча таратып жаткан учурда колго түшүргөн.
Ошондой эле БШКнын жыйынында Жолдошбаевдин ишенимдүү адамы Муктар Сыдыковдун жээни Жылдыскан Сыдыкова тууганына каршы көрсөтмө берип, чындап эле ар бир добуш үчүн миң сомдон сунуштаганын айткан. Белгилей кетсек, ал Камчыбек Жолдошбаевдин штабында үгүтчү катары катталган.
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.