Биз менен байланышыңыз

«Миллион утуп ал»акциясынын шайлоого тиешеси барбы?

Коом , Экономика | 18 Ноя 2021 | 920 | 0

«Кыргызстан» коммерциялык банкы ушул жылдын 8-ноябрынан тарта «Миллион утуп ал» акциясын баштаган. Мындагы эреже ар бир катталган колдонуучунун артынан 50 сом капчыкка түшүп турат. Акция учурунда эң көп сумма тапкан колдонуучу 1 млн сомго ээ болот. Учурда бул акция тездик менен тарап жатат. Ошол эле учурда электрондук акция аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучу бар экенин эскерткендер да бар.

Бишкек шаарынын тургуну Ринат Усупбаев Инстаграмдагы жеке баракчасына «Миллион утуп ал» акциясы тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ал электрондук акция аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети болушу мүмкүн деп шектенет.

«Кыргызстан» банкынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Зарема Мусаева акциянын добуш сатып алууга тиешеси жок экенин билдирди. Ошондой эле ал бул акциянын максатын түшүндүрдү.

«Акциянын негизги максаты: кардарларга мобилдик тиркемени жайылтуу жана колдонуучулардын санын көбөйтүү. MBank тиркемесине катталып, өзүнүн досторун же туугандарын тиркемеге кошулууга чакырат. «Кыргызстан» банкы саясаттан алыс. Мындан сырткары бул акция аркылуу добуш сатып алуу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт. Акцияга катышкан адамдар жөнүндөгү маалыматтар эч жакка таратылбашына кепилдик берилет. Анткени банктын жөнгө салуучу кызматтары дайым текшерилип турат. Ал эми паспорттогу маалыматтар кардардын каржылык операцияга катышуусу үчүн каралган. Анткени алардын акчасынын коопсуздугу ушундай жол менен гана кепилденет».

Жазык кодексине ылайык шайлоочулардын добушун сатып алуу кылмыш катары каралып, аны жасаган адам 260 миң сомго чейин айып төлөйт же 2 жарым жылга эркиндиктен ажырайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы мамлекеттик жана коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, шайлоо учурунда электрондук капчыктар аркылуу жарандардын добуштарын сатып алуу коркунучуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.

15-ноябрдан 28-ноябрга чейин жана шайлоодон кийин банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу эсеп жүргүзүү байкоого алынат. Кыска убакыттын ичинде бир жерден бирдей суммада кайталанган транзакциялар же бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар күмөндүү төлөмдөр деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов буларды билдирди.

«Жакында болуп өткөн кеңешмеге Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү катышты. Анда идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу аткарыла турган эсептерге байкоо жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле добуш сатып алууга болгон маселелерди да иликтеп чыктык. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, кандай жол менен болсо да, добуш сатып алууга тыюу салынган. Акциянын жүрүп жатканы кандайдыр бир партияга же талапкерге тиешеси бар дегенден алысмын. Себеби добуш берүү 28-ноябрда өтөт. «Кыргызстан» банкынын акциясын тиешелүү адистердин жардамы менен иликтеп көрөбүз».

Шайлоочулардын добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат деген коркунуч бар экенин буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыккан. Ал парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн экенин эскерткен.

Экономист Кубанычбек Идинов шайлоо учурунда мындай акцияларды токтотуп туруу керектигин түшүндүрдү.

«Бул добуш сатып алуунун электрондук форматы болушу мүмкүн. Шайлоого тиешеси бар болуп калышы да ыктымал. Атайын даярдалган акция болушу да мүмкүн. Азырынча мындай акцияларды иштетпей туруу керек. Бул тууралуу толук изилдеп көргөн жокпуз. Шайлоого добуш чогултуунун оптималдуу варианты. Жарандар өздөрү түшүнбөй да калышат. Жөнөтүлгөн тиркеме аркылуу эле каттала беришет. Эгерде чынында эле добуш сатып алууга тиешеси жок, тиешелүү документтери болсо, кепилдик берилсе, катышса болот. Ар бир жаран ушундай акцияга катышкысы келсе, биринчиден, толук маалыматка ээ болушу керек».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Өнөктүк учурунда добуш сатып алгандар да, саткандар да жазага тартыларын өлкө президенти байма-бай эскертип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM