Биз менен байланышыңыз

Футбол: Валерий Кичин «мыкты чабуулчу» рейтингинде 5-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 18 Ноя 2021 | 737 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин бул командада ойноп баштаган тарыхында бешинчи голун киргизип, «эң мыкты чабуулчу» аталды. Бул тууралу «Sport АКИpress» жазды.

16-ноябрда кыргызстандыктар Бахрейн менен конокто ойноп, пенальтиден 2:4 эсебинде утулуп калган. Кыргызстан киргизген эки голдун бирин Валерий Кичин тепкен. Бул голу ага Кыргызстандагы футбол рейтингинде бешинчи орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Кыргызстан футболчуларынын «мыкты чабуулчу» рейтингинин сап башында 18 гол тепкен Мирлан Мурзаев турат. Экинчи орунду 13 гол менен Антон Землянухин, үчүнчү орунду 8 гол менен Виталий Люкс, төртүнчү орунду 6 гол менен Турсунали Рустамов ээлеп келет.

Рейтинг башка өлкөлөрдүн курамалары менен болгон беттештерде киргизген голдоруна карап чыгарылат. Өлкө ичиндеги жана клубдар менен болгон оюндары эсепке алынбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM