Биз менен байланышыңыз

Польша «Түндүк агым-2ден» баш тартууга, Путинге акча бербөөгө үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 477 | 0

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Германияны «Түндүк агым-2» газ куурун ишке киргизүүдөн баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал Bild гезитине берген маегинде билдирди.

Ал Германия тынчтык үчүн Орусиянын долбоорун уруксат берүү процедурасын токтотуп, президент Владимир Путинге кошумча акча бербеши керектигин белгиледи.

«Биз тынчтык үчүн биргелешип иштешүүбүз зарыл. Владимир Путинге энергетикалык ресурстар үчүн төлөмдөр түрүндө кошумча акча бербешибиз керек. Анын жардамы менен ал куралдуу күчтөрүн чыңдайт», — деди Моравецкий.

Ал ошондой эле «Социал-демократтар» партиясынын лидери Олаф Шольцко кайрылып, «Түндүк агым-2ни» токтотууга чакырды.

Эске салсак, 16-ноябрда Германия «Түндүк агым-2» газ кууруна уруксат берүү токтогонун, маселе 2022-жылдын мартына чейин жылдырылышы мүмкүн экенин белгилешти.

Немис өкмөтү «Газпромдон» «Түндүк агым-2 AG» долбоорунун Швейцария оператору сыяктуу Германиянын да туунду компаниясын түзүүнү, андан Германиядагы мүлктөрүн жана укуктарын өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Процессти андан кийин гана улантууга даяр экенин айтышат алар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM