Connect with us

Жарандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2021 | 929 | 0

Жарандарга жол кырсыгына кабылган адамдарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүү керек. Мындай пикирин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал 16-ноябрда болгон жол кырсыгын мисал келтирип, анда жабыркагандарга ӨКМден мурун жөнөкөй жарандар жардамга келгенин айтты.

«Жаңылыктарга биринчи ӨКМ келип жардам көрсөттү деп жарыяланган менен тасмада жөнөкөй жарандар бири-бирине жардам берип, куткарып жүргөнү көрүнүп турат. Бизде бардык кызматтан мурун ошол эле айдоочулар, жүргүнчүлөр биринчи жардамга келишет. Кичине баладан тартып, чоң адамга чейин биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүп, жайылтсак деген сунуш бар. Ошондо алар телефонго тартып тургандан көрө убагында жабыркагандарды унаадан туура алып чыгып, адам өмүрүн сактап калса, чоң жетишкендикке ээ болот элек», — дейт Оторов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM