Connect with us

Бишкектин көчөлөрүнө 475 тонна туз себилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 379 | 0

18-ноябрдын таңында Бишкектин көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн болжол менен 475 тонна техникалык туз себилди. «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө 25 МАЗ, 1 ЗИЛ, төрт универсал унаа, 5 «Беларусь» трактору кар тазалап жатат. Ошондой эле жолдорду эксплуатациялоо башкармалыгынын 25 жумушчусу, «Тазалыктын» 628 жумушчусу ишке чыккан.

Шаар тургундары жана меймандары жолдорду, тротуарларды кардан жана муздан тазалоого байланышкан маселелер боюнча call-борбордун 1840 жана 1850 кыска номерлерине билдирүү таштаса, 0554 182 185 Ватсап номерине сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтсө болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM