Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 11 миң 446 адам эмделди

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 298 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 446 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Мунун ичинен 5 миң 613 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 833 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 55 миң 832 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 836 миң 649 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кечээ, 17-ноябрдан тарта COVID-19га каршы кайталап вакцинациялоо (ревакцинация) башталды. Бишкек шаарындагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот. Ал эми калган аймактарга бир жуманын ичинде жеткирилет.

Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM