Биз менен байланышыңыз

Оторов: Камера бар жерлерде жол кырсыгы азайды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2021 | 469 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары орнотулган жерлерде жол кырсыгы аз болуп калганы байкалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун аппараттык-программалык комплекстери Бишкекте жана Чүйдүн айрым аймактарында гана иштеп жатат. Буга карабастан ал камералар орнотулган жерлерде жол кырсыгынын саны 50-60% төмөндөгөнү байкалды.

«Буюрса, 2022-жылы «Коопсуз шаар» долбоору өлкөнүн бардык аймактарына тарайт деген ишенич бар. Анда мындан да жакшы көрсөткүчтөрдү ала алабыз деген оюм бар», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM