Биз менен байланышыңыз

Быйыл жол кырсыктары 25%га көбөйдү

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2021 | 489 | 0

Жыл башынан бери республика аймагында жалпы-жонунан 6 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га жогору болуп жатат.

Быйыл жол кырсыктарында 600дөн ашык адам каза таап, 9 миңден ашык адам ар кандай жаракат алды.

Жол кырсыктарынын миңден ашуунунда жаш балдар да болгон. Алардын ичинен 80ден ашык бала каза болуп, миңдей бала жаракат алды.

«Дээрлик көп учурда өспүрүмдөр жүргүнчү катары келе жатып, жол кырсыктарына учурап жатат», — дейт Оторов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM