Биз менен байланышыңыз

«Салыктын туруктуулугу болбосо, курулуш компаниялары кыйроого учурайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2021 | 703 | 0

Өкмөт сатуудан алынган 5 пайыздык салыкты 2-3 жылга жоё турса жакшы болмок. Мындай пикирин «Бурана Гранд» курулуш компаниясынын башкы бухгалтери Шайыр Асанова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курулуш компанияларынан сатуудан алынуучу салык накталай түрдө деле, накталай эмес түрдө деле 5 % болуп жатканы бул тармактагы ишкерлерди абдан бушайман кылып жатат. Ансыз деле 1,5 жылдан бери сатуулар солгун жүрүүдө. Пандемия экономиканын бүт тармактарына таасирин тийгизип, бир топ эле алсыроолор болуп жатат. Андан тышкары доллардын кымбатташына байланыштуу курулуш материалдары, жабдыктардын баары 2-3 эседен ашык кымбаттады. Курулуш-монтаждоо кызматтары дагы 2-3 эселеп кымбаттады. Бир чарчы метрдин өздүк наркы 2-3 эсе өстү.

«Мындан улам курулуш компанияларына абдан эле кыйын болуп жатат. Курулуш материалдары 2-3 эсе кымбаттаганы менен биздин баалар мурунку эле калыбында калып жатпайбы. Себеби ансыз деле азыр калкка кыйын. Элдин үй алмак тургай, азык-түлүк алганга мүмкүнчүлүктөрү аз. Сатуу таптакыр азайып жатат. Ошондуктан өкмөт салыктын туруктуулугун колго албаса, курулуш компанияларынын кыйроосуна алып келет деп ойлойм. Киреше болбосо, анда үй куруп эмне кереги бар? Ошол абдан көйгөйлүү болуп жатат», — дейт компаниянын башкы эсепчиси.

Ал учурда курулуш компаниялары экономикалык оор кырдаалдан чыгуу үчүн банктардан жогорку пайыз менен насыя алууга мажбур болуп жатканын белгиледи. Андыктан өкмөт сатуудан алынган 5%дык салыкты 2-3 жылга алып салганы туура болмок деген ою менен бөлүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM