Биз менен байланышыңыз

Американын окумуштуулары COVID-19 таратуучу жандыктарды тизмеледи

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 745 | 0

Америкалык окумуштуулар The Scientist илимий журналы аркылуу коронавирус инфекциясын тараткан жаныбарлардын тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, эксперттер 5 миң сүт эмүүчүнүн арасынан адамдарга көбүрөөк жакын делген 500 жаныбарды изилдешкен. Себеби алар вирус алып жүрүүчү жаныбарлар болушу мүмкүн. Бул тизмеде бугулар, норкалар, ленивецтер, муравьеддер, үй мышыктары да бар.

Нью-Йорктогу Кэри экосистемалык изилдөө институтунун адистери коронавирустун жайылышын азайтуу үчүн жаныбарлар менен адамдардын байланышын чектөө керектигин айтышат.

Окумуштуулар омурткалуу жаныбарларда вирустун организмде узак жашоосуна жардам берген 2 фермент (ACE2) бар экенин аныкташкан. Бул жаныбарларды вирус алып жүрүүчүлөргө айлантат.

Буга чейин окумуштуулар Лаостун түндүгүндөгү үңкүрлөрдөн SARS-CoV-2 вирусун алып жүрүүчү жарганаттарды табышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM