Биз менен байланышыңыз

Беларусь Польшаны чек арадагы агрессия үчүн айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 686 | 0

Беларусь — Польша чек арасындагы кырдаал күтүүсүздөн өзгөрдү. Беларусь бийлиги мигранттар үчүн чек арага жакын жайгашкан логистикалык борборго убактылуу пост койду. Ал жерге миңге жакын адам жайгашып, бардыгына тамак-аш ж.б керектүү нерселер берилди.

Бирок айрымдары көзөмөл өткөрүү пунктуна жакын жердеги токойго чатыр тигип, күтүүнү туура көрүшкөн. Ошондой эле мигранттар сырттагы абанын сууктугуна карабай, кетүүдөн баш тартышкан.

Чек арадагы кырдаал саясий кризиске айланып баратат. Бир күн мурда мигранттар басып киргенде, Польшанын чек арачылары уюштурган кыргындан кийин Минск Варшаваны агрессия үчүн айыптаган. Польшанын коопсуздук күчтөрүнүн аракеттеринин натыйжасында беш мигрант жана үч журналист дарыгердин жардамына муктаж болушкан.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Беларусь менен Польшанын чек арасында мигранттар аймактагы тосмолорду бузуп, поляк аскерлерине таш ыргытуулар болгон. Аскерлер көздөн жаш агызуучу газ менен жооп кайтарышканын Sputnik Беларусь маалымат агенттиги билдирген.

Маалыматка ылайык, жалпысынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө 224 аракет жасалып, 29 адамды Польшанын аймагынан чыгаруу боюнча резолюция кабыл алынган. Мындан тышкары 10 мигрантты унаа менен чек арадан өткөрүүгө аракет кылган Польша, Тажикстан жана Украинанын жарандары кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM