Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Словенияда эмдөө албаган айдоочуларга май куюуга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 534 | 0

Словенияда COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу тастыктамасы жок айдоочуларга май куюуга тыюу салынды.

Бүгүн 17-ноябрдан тарта Словенияда эмдөө албагандар унаалардан баш тартууга аргасыз болушат. Эми эмдөөдөн өткөн жарандар гана май куя алышат.

Жергиликтүү тургундар аргасыздан унааларын май куюучу жайга таштап кетишүүдө. Аларды полиция эвакуатор менен алып кетип жатат.

Ал эми Нью-Йоркто эмдөө албагандар жаңы жылды майрамдабай калышы мүмкүн. 31-декабрда шаардын Таймс-Сквер башкы аянтында салтка айланган концерттерге эмдөө сертификаты барлар гана киргизилет.

Израиль Sputnik V вакцинасын алгандарды өлкөгө киргизе баштайт. Бүгүн Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү орус кесиптештери менен бул маселени талкуулоо үчүн Москвага барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM