Биз менен байланышыңыз

Футбол: «Ак шумкарлар» Бахрейн курамасына утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 17 Ноя 2021 | 546 | 0

Кечээ, 16-ноябрда Манама шаарында «Ак шумкарлар» менен Бахрейн курамасы оюн өткөрдү.

Жолдоштук беттеш Риффа шаарындагы Улуттук стадиондо болду. Анда Бахрейн «Ак шумкарларды» 4:2 эсеби менен жеңип алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы 11-ноябрда БАЭде Сингапур курамасы менен беттешип, оюн 2:1 эсебинде «Ак шумкарлардын» пайдасына аяктаган.

Оюндар 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

2023-жылы боло турган Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматка өзгөртүлгөн. Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда, 14-июнда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM