Connect with us

Тогуз-Тородо авариялык абалдагы мектеп өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 311 | 0

17-ноябрга караган түнү Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы мектеп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Каргалык айыл аймагындагы Маатмуса Абдыжапаров атындагы мектептин өрттөнүп жатканы боюнча маалымат ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түнкү 00:10до түшкөн. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бөлүмү, 10 куткаруучу, бир ыкчам топ тартылган. Имарат 1:03тө курчоого алынып, таңкы 7:00дө толук өчүрүлгөн.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрттөнүп кеткен мектеп авариялык абалда болгон. Анын ордуна жаңы мектеп мындан 5 жыл мурун башталган. Бирок курулуш иштерине бюджеттен каражат бөлүнбөй, чатыры жабылбай турган. Быйыл 5 млн сом бөлүнөт деп айтылганы менен, азыркыга чейин курулушу улантыла элек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM