Connect with us

Аскар Сыдыков: Паракорчулукту азайтуу үчүн санарип коом куруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2021 | 565 | 0

Паракорчулукту азайтуу үчүн санарип коомду куруу керек. Мындай пикирин  Кыргызстандагы  ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет менен коомдун ортосунда теңсиздик бар. Мамлекетте ыйгарым укуктар, күч колдонуу монополиясы бар. Ишкер — эч ыйгарым укугу жок катардагы жаран. Эгер мамлекет ыңгайсыз шарттарды түзүп, бюрократия кылса, ашыкча документтерди сураса, ал шарттарды аткара албаган ишкер өзү барып бейформал сүйлөшүүгө аргасыз болот, же мамлекеттик кызматкер өзү келип, ишти бүтүрүүнүн башка жолун сунуштайт. Мына ушинтип паракорчулук келип чыгат. Коррупцияны жаратып жаткан дагы бир шарт -мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы. Коррупцияны жоюу үчүн мамлекетти башкарган адамдардын тазалыгы да болушу керек.

«Ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн арылсак, таза, ачык-айкын, санариптештирилген коомду курсак, жыйынтык чыкчудай. Санариптештирүүгө болгону саясий эрк керек. Саясий эрк болсо, каражат табылат. Канчалаган эл аралык уюмдар жардам сунуштап жүрөт», — дейт ишкер.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM