Connect with us

Сейитбеков: Кыргызстан эркиндиктен качкандай ой калтырат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2021 | 654 | 0

Түрк дүйнөсүнө кошулууда Кыргызстан үчүн да кооптонуу бар. Мындай пикирин эксперт Бактыбек Сейитбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин бир державага көз каранды болуп жашап көргөн. Эми кайра ошол абалга түшүп калуу коркунучу бар.

«Биз бир державага − Орус империясына көз каранды болуп келгенбиз, азыр деле кыйыр түрдө экономикалык көз карандылык бар. Биз Совет доору учурунда башыбыздан орус шовинизмин өткөргөнбүз. Эми кайра өзүбүз эркиндиктен качып, өзүбүздүн тагдырыбызды байлап бергенге бараткан сыяктуу көрүнүп жатабыз. Түрк дүйнөсүнө баратабыз, бир туугандарыбыз деп сүйүнүп атабыз, а бирок пантюркизм идеясы дагы дүңгүрөп чыгып жатпайбы?! Бул жерде ким лидерлик кылат? Казактар кыла албайт, өзбектер кыла албайт, кыргыздар кыла албайт. Түркия гана кылат, анткени алар экономикалык жактан, курал-жарак жактан дүйнөгө таанылган ири мамлекет», — дейт эксперт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM