Connect with us

Эксперт: Түрк дүйнөсүнүн биригиши башкаларда кооптонуу жаратууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2021 | 573 | 0

Жакында эле Стамбул шаарында өткөн Түрк кеңешинин мамлекеттеринин саммитинин жыйынтыгында Кеңешти Түрк мамлекеттеринин уюму деп атоо чечими кабыл алынды.

Эксперт Бактыбек Сейитбаев «Маралдын» эфиринде түрк тилдүү мамлекеттердин минтип бириге башташы башка тилдүү мамлекеттерди, алардын лидерлерин тынчсыздандырбай койгон жок деген оюн билдирди.

Анын айтымында, алар түрк дүйнөсүнүн кайрадан баш көтөрө башташын дүйнөлүк геосаясатка чечкиндүү аралашууга аракет катары баалап жатышат.

«Өзгөчө Орусия тараптагылар каршылык көрсөтүп жатышат. Анткени алардын саясий уюмдарынын активдүү мүчөлөрү болгон Казакстан, Кыргызстан мамлекеттери бул уюмга мүчө болуп кеткени кооптонуу жаратып жатат. Аларды түрк дүйнөсүнө тарттырып ийүү коркунучу жаралгандай сезим калтырууда. Уюм алдына келечекте Осман империясын түзүү максатын коюп жаткандай, мурун ЖККУнун, ШКУнун мүчөсү болуп келген мамлекеттер Түркия лидеринин артынан ээрчип кетип жаткандай ойлор болуп жатат», — дейт серепчи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM