Connect with us

Саясий партиялар шайлоо фондунан 136,9 млн сом коротушту

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2021 | 442 | 0

БШК шайлоого талапкерлердин фонддон тышкары коротуп жаткан акчаларын көзөмөлдөй албайт. Бул тууралуу Боршайком мүчөсү Айдана Жупуева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялар, талапкерлер шайлоо фондунан үгүт иштерине, ролик, агитматериалдарга, чогулуштарына канча чыгым кетип жатканын БШКга көрсөтүп, отчёт берип турат.

«БШКнын сайтында «Талапкер» деген портал бар. Ошол жерде ар бир саясий партиядан канча сом акча түшүп жатат, алардын канчасы чыгымдалды, ошондой эле бир мандаттуу округдардан талапкерлерден канча акча түштү, ошонун баары ачык-айкын көрүнүп турат. Аны ар бир шайлоочу кирип көрсө болот. А эгер талапкер ал жакка кирбеген акчасын жумшап жатса, биз аны көзөмөлдөй албайбыз», — деди ал.

Маалыматка караганда, шайлоо фондуна саясий партиялардан 160 млн 872 миң 696 сом келип түшкөн болсо, 16-ноябрга карата анын 136 млн 918 миң 724 сому чыгымдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM